«Якутиядагы кыргыз конгресси» аймактык бирикмесинин төрагасы Жазбек Бекболиевдин айтымында, ушул күндөрү Якутияда мигранттарга карата терс маанай жоюлуп баратат. Укук коргоо органдары мигранттарды куугунтуктагандарга чара көрүп жатат. Бекболиев кыргыз мигранттары жумушка чыга баштаганын белгиледи.
Якутияда мигранттарга каршы маанай 17-мартта кыргызстандык жаран жергиликтүү аялды зордуктаганы тууралуу маалымат чыккандан кийин күчөгөн. 18-мартта Якутск шаарында мыйзамсыз мигранттарга каршы митинг өтүп, ага республиканын жетекчилери да катышкан.
19-мартта Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын жана Орусиядагы элчиликтин өкүлдөрүнөн турган делегация Якутияга барып, республиканын бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Ошондой эле кыргыз делегациясынын өкүлдөрү мамлекеттик телеканал аркылуу жергиликтүү элден кечирим сурашкан.
Якутияда 7 миңден ашуун кыргызстандык жашап-иштей тургандыгы айтылып жүрөт. Расмий маалыматка караганда, республикада 2018-жылы жыныстык мүнөздө 296 кылмыш катталса, анын төртөө мигранттардын катышуусунда болгон. (TSh)