АКШ: Мюллердин иликтөөсүнүн жыйынтыгы жарыяланат

АКШнын башкы прокурору Уильям Барр.

АКШда атайын прокурор Роберт Мюллердин 2016-жылдагы президенттик шайлоого Орусиянын мүмкүн болгон кийлигишүүсү боюнча иликтөөсүнүн баштапкы жыйынтыктары жарыяланары күтүлүп жатат.

22-мартта иликтөөнүн жыйынтыгын алган башкы прокурор Уильям Барр Конгресске жолдогон катында "негизги корутундуну" ушул дем алышта жарыялай турганын айткан.

Буга чейин Барр корутундуну Конгресске 23-мартта бере турганы болжолдонуп жаткан. АКШнын Юстиция министрлиги иликтөөнүн жыйынтыгы Конгресске качан жибериле турганын айта элек.

Роберт Мюллер дээрлик эки жылдан бери президент 2016-жылы Дональд Трамптын шайлоо штабынын Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтонду утуш үчүн Орусия менен байланыштары болгон-болбогонун иликтеди. Трамп өзүнүн шайлоо штабы менен Москванын ортосунда эч кандай келишүү болбогонун билдирип жүрөт.

Москва да Кремль "АКШдагы шайлоого кийлигишкен" деген дооматтарды четке кагып келе жатат.