Бокс боюнча WBA ASIA (Азия бокс ассоциациясынын) чемпиону Акжол Сулайманбек уулу кесипкөй рингдеги кезектеги беттешинде чемпиондук наамын үчүнчү жолу коргоп калды.
Мелдеш 23-мартта Орусиянын Екатеринбург шаарында өтүп, Акжолдун атаандашы таиланддык тажрыйбалуу мушкер Пипат Чаипорн болду. Акжол Сулайманбек уулу 10 раундга белгиленген беттеште каршылашын 7-раундга чейин үч жолу нокдаунга кетирип, чемпиондук курун сактап калды.
Кыргызстандык мушкер Акжол Сулайманбек уулу кесипкөй рингдеги мелдештерге орусиялык "RCC boxing" промоушен уюмунун атынан катышып келет. WBA ASIA (Азиянын бокс ассоциациясынын) чемпиондук курун өткөн жылдын 22-апрелинде алган.
Акжол кесипкөй рингде 13 беттеш өткөрүп, бардык атаандаштарын жеңген. WBA чемпиондук курунан сырткары WBC Asia (Азиянын боксчулар кеңешинин) чемпиондук курун да тагынган.