Балбан Улукбек Жолдошбеков Азия чемпиону болду

Улукбек Жолдошбеков. 22-март, 2019-ж.

Кыргызстандык эркин күрөшчү Улукбек Жолдошбеков ушул күндөрү Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында алтын медал тагынды.

Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү (UWW) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Жолдошбеков 22-мартта 61 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты.

Ал алгач айлампа тартибинде өткөн таймаштарда индиялык Сонба Танажи Гонганени 10:0, йемендик Хусейн Абдуллах Аль Аззанини 12:0, монголиялык Цогбадрах Цевеенсуренди 6:0 эсебинде жеңип, жарым финалда ирандык Мохаммад Сиаваш Намжуу Мотлагх Паскехти 6:1 эсебинде утту. Алтын байге үчүн таймашта индиялык Сонба Танажи Гонгане менен күрөшүп, 13:2 эсебинде таза жеңишти камсыздап, Азия чемпиону болду.

Жолдошбековдун байгеси бул мелдештеги кыргызстандык эркин күрөшчүлөрдүн алгачкы байгеси. Эртең Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг.), Алибек Осмонов (65 кг.), Бекжан Дамбулов (74 кг.) жана Музаффар Жаппуев (125 кг.) байге үчүн күчтөрүн сынайт.

21-мартта башталган күрөш боюнча Азия чемпионаты (U23) 24-мартка чейин уланат. Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда кыргызстандык балбандар төрт алтын, эки күмүш жана үч коло байге алып, командалык эсепте 2-орунду ээлеген. (ECh).