Крайстчөрч: жума намазында теракттын курмандыктары эскерилди

Жаңы Зеландиянын Крайстчөрч шаарындагы жума намазы, 22-март 2019-жыл.

Жаңы Зеландиянын Крайстчөрч шаарындагы жума намазында бир жума мурда болгон теракттын курмандыктарын эскеришти.

"Ал-Нур" мечитинин жанындагы паркта окулган жума намазын улуттук телеканалдар түз көргөзүштү.

"Бир жериң ооруп калса, бүтүндөй дене боюң зыркырайт эмеспи. Жаңы Зеландия сиздер менен кошо аза күтүүдө. Биз биргебиз", - деп билдирди диний жөрөлгөгө катышкан Жаңы Зеландиянын премьер-министри Ясинда Ардерн.

Ардерндин сөзүнөн кийин бүт өлкө бир мүнөт үн чыгарбай, курман болгондорду эскерди.

15-мартта Крайтсчөрчтөгү эки мечитке австралиялык Брентон Таррант аттуу киши ок жаадырган. Өлкө тарыхындагы эң кандуу кол салуу 50 кишинин өмүрүн алып кеткен. Ал трагедия 22-мартта Ислам кызматташтык уюмунун чукул жыйынында талкууланды.