Кытайдан келген маданий делегация өз өнөрлөрүн тартуулашты (видео)

Кытайдан келген маданий делегациянын бийчилери. 21-март, 2019-жыл.

Кытайдын Шиңжаң-Уйгур автономиялуу районунан келген кыргыздардын маданий делегациясы 21-мартта Бишкекте Нооруз майрамында өз өнөрүн тартуулашты. Алар Ала-Тоо аянтындагы майрамдык салтанатка жана Курманжан Датка эстелигинин алдында уюштурулган иш-чарага катышты.

Маалыматка ылайык, кытайлык делегация Бишкекте 25-мартка чейин болот. 22-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында, 23-мартта Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваториясында концерт беришет.

24-март күнү делегациянын өкүлдөрү Кыргызстандын маданият, өнөр тармагындагы адамдары менен жолугушат.

Манасчылар, ырчылар жана бийчилер болуп 32 адамдан турган маданий делегация Кыргызстанга 20-мартта келген. (BTo)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кытайлык кыргыздар аянтты шаңга бөлөдү