Кабулда бир нече жардыруу болду

Кабулда жардырууда жарадар болгондорду ооруканага алып баратышат, 21-март, 2019-жыл.

Ооганстандын Саламаттык сактоо министрлиги 21-мартта Кабулда болгон жардырууларда алты киши каза таап, 23 адам жараат алганын билдирди.

Кабулдун чукул кырдаалдар кызматынын башчысы Мухаммад Асим жараат алгандардын арасында эки бала бар экенин маалымдады.

Азырынча жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким мойнуна ала элек. “Талибан” кыймылы кыянатчылыкка тиешеси жоктугун билдирди. “Ислам мамлекети” террордук тобу Ооганстандагы шииттерди бутага алып жүргөнү белгилүү.

Жардыруулар шииттердин Картей Сахи көрүстөнүнө жакын жерде болгону кабарланды. Ооган баш калаасынын батышындагы бул аймакта шииттер жашайт.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насрат Рахими полиция Ноорузду майрамдоого эл чогулган жерде үч жардыруучу затты зыянсыздандырганын айтты.

Коргоо министрлигинин "Твиттер" баракчасына Ноорузду майрамдоо үчүн эл чогулган жерден жана жеке үйлөрдөн үч ракета атылганы тууралуу маалымат чыкты. Министрлик полиция чабуул койгондорду кармаганын кабарлады.