Жакшы тилек уюган даам

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ноорузга арналган майрамдык дасторконго коюлчу башкы тамак - сүмөлөк өлкөнүн булуң-бурчунда кечээ кайнатылып, "эл аман, жерибиз берекелүү болсун" деген тилектер айтылды. Ноорузга арналган сүмөлөк кайнатуу жөрөлгөсүнө “Азаттыктын” жер-жерлердеги кабарчылары да күбө болуп, айтылган жакшы тилектерди жалпы журтка жайылтууга ашыгышты.