Көкбөрү: "Алкан-Ата" Биринчи лиганын жеңүүчүсү болду (видео)

"Алкан-Ата" жана "Келечек" командалары.

Нооруз майрамына арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдештин Биринчи лигасында Таластын "Алкан-Ата" командасы жеңишке жетти.

Бүгүн Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында өткөн финалдык таймашта таластыктар Бишкектин "Келечек" командасы менен беттешип, 5:1 эсебинде мөөрөйдү колго алды.

Бул лигада 3-орунду Ак-Талаанын "Соң-Көл" командасы ээледи. 3-орун үчүн таймашта "Соң-Көл" оюнчулары "Казарман" командасын 1:0 эсебинде жеңген.

Нооруз майрамына арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдеш Биринчи жана Жогорку лигадагы командалар арасында өттү. 1-лигада 25 команда, Жогорку лигада алты команда ат салышты.

Жогорку лиганын финалында бүгүн Оштун "Достук" командасы менен Таластын "Ынтымак" командасы беттешет. Оюн 13:00дө башталат. "Азаттык" социалдык тармактагы баракчалары аркылуу түз алып көрсөтөт.

Бул лигада 3-орунду "Бакубат Талас" командасы алды. 3-орун үчүн беттеште таластыктар "Көк Жал" командасын 7:1 эсебинде жеңген. (SDz/ECh)