Ак-Сайда кыргыздар менен тажиктер Ноорузду чогуу белгилешет

Баткендеги Нооруз: Тажикстан менен Өзбекстандан келген коноктор. 2018-жыл.

Тажикстандын Ворух анклавы менен чектешкен Ак-Сай айылында коңшулаш жашаган кыргыздар менен тажиктер Ноорузду чогуу майрамдашат. Майрамдык салтанат айылдагы мектептин аянтчасында өтөт. Майрамга карата сүмөлөк кайнатылып, эки улуттун тамак-аш, кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү уюштурулат. Улуттук түрдүү оюн, ыр-күүлөр болот. Бул тууралуу облустук акимчиликтен "Азаттыкка" маалымдашты.

13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тарткан. Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжалда эки тажик жараны өлгөнүн, бир нече адам жабыр тартканын кабарлады. Ал эми кыргыз тараптан үч адамга ок тийген.

Жаңжалдан кийин тажик жарандары Ош-Баткен-Исфана жолун, ал эми кыргызстандыктар Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жолду жаап коюшкан.

Чырдын чыгышына Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу себеп болгону айтылган. Эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү 14-марттан бери Ак-Сай айылынын Дача участкасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 18-мартта жабык турган бардык жолдорду ачуу жана Ак-Сай-Тамдык жолун куруу чечими кабыл алынган.(MdN)