"Ислам мамлекети" террордук тобунун акыркы чеби кулады

Багхуз шаары

АКШ колдогон сириялык оппозициялык күчтөр Сириянын чыгышындагы Багхуз шаарын ээлешти. Багхуз "Ислам мамлекети" террордук тобунун акыркы чеби деп саналчу. Жүздөгөн согушкерлер багынып беришкени кабарланды.

Сирия демократиялык күчтөрүнүн басма сөз катчысы Мустафа Бали “Багхуздагы лагерди ээлөө – чоң кадам болгону менен, жеңиш тууралуу айтууга али эрте” деп билдирди.

ИМ тобунун көзөмөлү алдында Евфрат суусунун жээгиндеги чакан аянт калды. Мындан тышкары террорчулардан бошотулган аймактарда да жашырынган топтордун келечекте баш көтөрүү коркунучу жогору.

Багхуздун алынышы - "Ислам мамлекетинин" согушкерлери Сирияда жарыялаган “халифаттын” жок болушун билдирет.

Акыркы төрт жылдан бери АКШ колдогон козголоңчулар “халифатты” жок кылуу багытында ийгиликтүү иштерди жүргүзүштү.

Мустафа Балинин айтуусунда, Багхузда туткунга алынгандардын арасында Сириянын түндүгүндөгү терактка шектүүлөр да бар. Быйыл январдагы жардыруудан 16 киши өлгөн, анын төртөө АКШ жарандары.

АКШ Сирияда 200дөн ашуун аскерлерин тынчтык орнотуучулар миссиясынын курамында калтырууну пландап жатканын маалымат каражаттары жазып чыгышкан.