«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 20-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз +14…+19,
Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз +14…+19,
Баткен облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз +13…+18,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5…10, күндүз +13…+18,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11,
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9 градус болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 2…4°, күндүзгү жогорку температурасы +16…+18 градус жылуу болот.