«Кыргызнефтегаздан» мунай уурдаган адам алты жылга соттолду

Иллюстрациялык сүрөт.

Кочкор-Ата шаарында жайгашкан «Кыргызнефтегаз» ишканасынан мунай уурдагандардын бири сот жообуна тартылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы маалымдады.

Сузак райондук сотунун чечими менен Жалал-Абад шаарындагы «Петрофакт» ишканасына баруучу жердин асты менен өткөн түтүктү тешип, мунай уурдаган деп айыпталган Сузак районунун 31 жаштагы тургуну алты жылга эркинен ажыратылды. «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун пайдасына соттолуучудан 7,6 млн. сомдук зыян өндүрүлгөн.

Буга чейин «Кыргызнефтегаз» ААКтагы мунай уурулуктун бети ачылганы кабарланган. Аталган факт боюнча былтыр ноябрь айында Сузак районунун милициясы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси («Уурулук») менен кылмыш иши козголгон.

Мекемедеги уурулук фактыларынын жана коррупциялык иштердин алдын алуу максатында жакында мунай өндүрүүчү участокторго, өткөрмө пункттарга жана мунай сактоочу кампаларга 24 видео байкоо камералары орнотулду. Мекеме былтыр 126 миң тонна мунай өндүрүп, 2,8 млрд. сомдук өндүрүм чыгарган. Ал жерде 2 миңге чукул киши иштейт. (RsK)