Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облустук ооруканасына барып, кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта жабыркагандардан кабар алып, материалдык жардам тапшырды.
Кыргыз өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлагандай, чек арадагы чырдын кесепетинен Баткен районунун төрт жашоочусу жабыркаган. Дарыгерлер алардын абалы канааттандырарлык экенин айтышты.
Кыргыз-тажик чек арасындагы 13-14-марттагы чатактан тажик тараптан эки адам өлүп, бир нече киши жарадар болгону кабарланды.
Эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн төрт күнгө созулган сүйлөшүүсүнөн кийин 18-мартта жаңжалдан кийин жабылган Кыргызстандын Ош-Баткен-Исфана, Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жол ачылып, чырга себеп болгон Ак-Сай-Тамдык жолун куруу жөнүндө чечим кабыл алынган. (BTo)