Чек арадагы чатакка байланыштуу жети кылмыш иши ачылды

Кыргыз-тажик чек арасы. 15-март, 2019-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы 13-14-мартта болгон чыр-чатактарга байланыштуу фактылар боюнча жети кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Иштер «Массалык башаламандык», «Карактоо», «Улуттук белгисине карата адамга кол салуу» сыяктуу беренелер менен каралууда.

Тергөөнү Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн бириккен тергөө тобу жүргүзөт. Аларга ИИМ жана башка органдар көмөктөшөт.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 13-мартта чыгып, 14-мартта да уланды. Андан кыргыз тараптан үч адамга ок тийди, тажик тараптан эки адам өлүп, бир нече киши жарадар болгону кабарланды.

Чырдын чыгышына Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушу себеп болгону айтылган. Эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү 14-марттан бери Ак-Сай айылынын Дача участкасында сүйлөшүү жүргүзүп, 18-марттан бери жабык турган бардык жолдорду ачуу жана Ак-Сай-Тамдык жолун куруу жөнүндө чечим кабыл алынган. Расмий өкүлдөрдүн сүйлөшүүсүндө болгон окуяны бирге иликтөө маселеси да макулдашылган. (ErN)