Якутск шаарында мигранттарга каршы митинг өттү

Якутск шаарында мигранттарга каршы чыккандар. 17-март, 2019-жыл.

Якутск шаарынын тургундары «мигранттардын бири жергиликтүү аялды зордуктаган» окуядан кийин нааразылыкка чыгышты. 17-марттын кечинде 200дөй адам борбордук аянтка чогулду.

Якутиянын Тергөө комитетинин маалыматына караганда, жекшембинин таңында белгисиз үч адам бир аялды зордоп машинеге салган. Тергөөнүн версиясы боюнча 23 жаштагы шектүү адам «машинени гараж тарапка айдап барып, аялды зордуктаган». Мекеме «Зордуктоо» жана «Адам уурдоо» беренелери менен кылмыш ишин козгоду.

Тергөө комитети шектүүлөрдүн бири кармалып, өз күнөөсүн мойнуна алганын ырастады.

Полиция кызматкерлери митингге чыккандарды таркап кетүүгө жана улут аралык кастыкты күчөтүүгө багытталган аракеттерден алыс болууга үндөштү.