Аба ырайы: күн жылуу болот

"Тазалыктын" кызматкерлери

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Автоунаалардын ортосундагы аралык 500 метр болушу зарыл.

18-мартта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22,

Таласта түнкүсүн -1…+6, күндүз +17…+22,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…+4, күндүз +10…+15,

Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24,

Нарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20 градус суук, күндүз 2…+3 градус болот.

18-мартта Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8°, күндүз +20…+22 градус болот.