16-мартта Словакияда өткөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы белгилүү болду. Шайлоонун экинчи айлампасына европачыл юрист Зузана Чапутова жана бийликтеги “Смер” партиясы сүрөгөн Европа комиссиясынын төрага орун басары Марош Шефчович чыкты.
Маалыматка ылайык, Чапутова шайлоочулардын 40 пайызынын добушун алса, Шефчович 18.6 пайызына ээ болгон. Ал эми оңчул популист Штефан Харабин жана ашкере улутчул саясатчы Мариан Котлеба экинчи айлампага чыга алышкан жок.
Шайлоого жалпысынан он талапкер ат салышкан. Добуш берүүгө шайлоочулардын 48 пайызы катышканы кабарланды.
45 жаштагы Зузана Чапутова кесиби боюнча юрист. Буга чейин саясатка аралашкан эмес. Ал коррупцияга каршы жана экологиялык маселелерди көтөрүп чыгып, эл арасында белгилүү болду.
Марош Шефчовичтин саясаттагы тажрыйбасы бай. Ал кескин реформаларга каршы экенин айтып келет. Учурда Шефчовичти бийликтеги партия колдоп жатат. Бирок бийликтеги партиянын эл арасындагы кадыр-баркы журналист Ян Куциактын өлүмүнөн соң түшүп кетти. 27 жаштагы Ян Куциак жана анын сүйлөшкөн кызы былтыр 21-февралда Братиславадан алыс эмес жердеги үйүндө атып өлтүрүлгөн.
Ян Куциак өз өлкөсүндөгү саясий коррупцияны жана италиялык мафиянын бийлик менен байланыштарын иликтечү. Мындан соң Словакияда нааразылык акциялары өтүп, премьер-министр Роберт Фицко кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.
Шайлоонун экинчи айлампасы 30-мартта өтөт.