Аксы окуясын эскерүү иш-чарасына катышкан президент Сооронбай Жээнбековдун айтымында, Кыргызстан эгемендик алгандан бери үй-бүлөлүк башкаруу режиминин ар кандай түрлөрүн көрдү.
“Мамлекетти уюшкан кылмыштуу мафия башкарган мезгил да болду”,-деген президент Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөөгө убада кылды.
“Элибизде “Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок” деп эзелтеден бери айтылып келет. Мен баш болуп, бийликтин үч бутагы муну эсибизден чыгарбоого тийишпиз. Үй-бүлөлүк кланга каршы күрөштүн башында турган адам катары үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербейм",- деп кошумчалады Сооронбай Жээнбеков.
Бүгүн Аксы окуясын эскерүү иш-чарасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Сооонбай Жээнбековду үй-бүлөлүк башкарууга жол алды деп сындаган болчу. (BkA)
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.