Аксы: жабырлануучулар сөз берилбегенине нааразы

Аксыдагы эскерүүгө чогулгандар.

Аксы районунун Боспиек айылында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өткөн эскерүү иш-чарасында өлкө башчысынан башка адамдарга сөз берилбегени окуянын жабырлануучуларында нааразычылык жаратты.

Аксы окуясынын жабырлануучусу Наркыз Шералиева президент жабырлануучулардын үнүн угушу керектигин, эскерүү иш-чарасы кемчилик менен өткөнүн билдирди.

Окуяда бир тууганы Сатинбай Үркүнбаевди жоготкон жабырлануучу Бүбүсара Эркинбаева да ушундай пикирин билдирди.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү азырынча комментарий берише элек.

Президент катышкан эскерүү иш-чарасы Сооронбай Жээнбековдун сөзүнөн кийин аяктап, келгендер ошол замат тарап кетишти. Эми Жээнбеков Кара-Суу айылындагы спорт залдын ачылышына катышат. (RsK)