Бишкектеги “Медиа Форум” ишканасынын алдында Кыргызстан социал-демократтар партиясы уюштурган митинг-реквиемде экс-президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөдү. Атамбаев бул иш-чараны уюштурууга бийлик каршы чыгып, тоскоолдук кылганын билдирди.
Атамбаев Аксы окуясынын себептерине токтолуп, ошол кездеги бийлик Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы чыккан элге ок атканын белгиледи. Атамбаев ошол кезде каршы чыккандардын катарында өзү да болгонун айтып, бирок Сооронбай Жээнбеков унчукпай отурганын билдирди.
“2002-жылы Жээнбеков вице-спикер, агасы Жусуп Жээнбеков губернатор болуп тымпыйып отурган. Эми болсо "Атамбаевдин куран окутуусуна барбагыла" деп элдин үйлөрүнө чейин кирип жатышат", - деди Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбеков ошол кездеги бийликке эч качан каршы чыкпаганын кошумчалады.
“Медиа Форум” ишканасынын жанындагы митинг-реквиемге Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары, саясий ишмерлер да катышууда.
Ушул эле күнү Боспиекте да Аксы окуясын эскерүү иш-чарасы өтүп, ага президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Президенттин айтымында, Кыргызстан эгемендик алгандан бери үй-бүлөлүк башкаруу режиминин ар кандай түрлөрүн көрдү.
“Мамлекетти уюшкан кылмыштуу мафия башкарган мезгил да болду”,-деген президент Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөөгө убада кылды. (BkA/BTo)
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.