Азербайжан президенти 400дөн ашык соттолуучуга ырайым кылды

Азербайжан президенти Илхам Алиев

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 400дөн ашык соттолуучуга ырайым кылды. Алардын арасында саясий туткун катары таанылган бир нече оппозициячыл активисттер бар.

Өлкөдөгү маалымат каражаттары “Элдик фронт” улутчул-демократиялык партиясынын лидерлери Гезел Байрамлы, Фуад Гахраманлы жана “Нида” аттуу жаштар уюмунун эки мүчөсүнө ырайым берилгенин жазып чыгышты.

Буга чейин бул активисттер мыйзамсыз абакта отурганын эл аралык уюмдар билдирип келген эле.

Ошондой эле экономикалык кылмыштарга айыпталып соттолгон мурдагы саламаттык сактоо министри эркиндикке чыкканы кабарланды.

Буга чейин Азербайжанда оппозициячыл блогер Мехман Гусейнов абактан чыккан эле. Бийликтин мындай чечими Бакуда саясий туткундарды бошотуу талабы менен өткөн нааразылык акциясынан соң кабыл алынган.