Дүйнө лидерлери Жаңы Зеландияга көңүл айтууда

Кылмышка шектүүлөрдүн бири.

Жаңы Зеландиядагы эки мечитке кол салып, 49 адамды өлтүрүп, 20сын жарадар кылгандарды дүйнөнүн бир катар мамлекеттери айыпташты. Алар курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, Жаңы Зеландиянын бийлигине колдон келишинче жардамды берүүгө дилгир экенин белгилеп жатышат.

Германиянын канцлери Ангела Меркел: «Бул сыйынып жаткандарга жана алардын ыйык жайына коюлган карасанатай чабуул. Бул мусулмандарга кол салуу. Демек, бул Жаңы Зеландиянын демократиясына, ачык жана сабырдуу коомуна кол салуу», - деп билдирди.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон: «49 бейкүнөө адам беймаани өлүмгө учурады. Көп кишилер олуттуу жаракат алды. АКШ Жаңы Зеландияны колдон келишинче колдойт», - деди.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бул окуяны: «Бул кол салуудан улам бир канча жылдан бери өрчүп баратканы байкалып, айрымдар тарабынан колдоого алынып келген исламофобия жеке чабуулдан ушундай калабанын деңгээлине жетти деген жыйынтык чыгарсак болот», - деп баалады.

Ал эми Пакистандын лидери Имран Хан «террордун дини болбойт» деп «Твиттердеги» барагына жазды.

Египетте, Пакистанда, Бангладеште жана башка бир катар өлкөлөрдө курман болгондорду эскерүү жүрүп жатат.

15-мартта Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы «Аль-Нур» жана «Линвуд» мечиттеринде жума намаз окулуп жатканда автоматчан адамдар ок жаадырып кирип барышкан. Бул учурда мечиттерде 300 адам болгон.

Шектүү төрт адам кармалды, алардын бири Австралиянын жараны экени таанылды. Жаңы Зеландиянын бийлиги кылмышка шектүү башка да адамдар бар-жогун тактап атат.

Өлкөнүн премьер-министри Жасинда Ардерн калабаны «Жаңы Зеландиянын тарыхындагы эң ири каран күн», «теракт» деп атады.

Европа Биримдигинин жетекчилери да үн катып, көңүл айтууда. Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер: «Евробиримдик дайыма Жаңы Зеландия менен бирге жана коомубузду, жашоо образыбызды ырайымсыз талкалагысы келгендерге дайыма каршы турат», - деп билдирүү таратты.

АКШнын президенти Дональд Трамп мечиттерге каршы террорду «тирукмуш кыргын» деп баалады жана «49 бейкүнөө адам беймаани өлүмгө учурады. Көп кишилер олуттуу жаракат алды. АКШ Жаңы Зеландияны колдон келишинче колдойт», деди. Орусиянын президенти Владимир Путиндин Жаңы Зеландия премьерине жөнөткөн телеграммасында чабуулдун «зөөкүрлүгү жана бетпакты үрөйдү учурат» деп айтылат.