Сирияда ИМ тобундагы жүздөгөн адам багынып берди

«Ислам мамлекети» тобунун катарында жүрөт деп саналган, Багхуз аймагынан чыгып бараткан кишилер.

Сирияда өзүн «Ислам мамлекети» атаган террор тобунун катарындагы жүздөгөн адам багынып берди.

«Бүгүн 1300дй жоочу жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү «Ислам мамлекети» террор тобуна каршы операция учурунда бизге багынып беришти», - деди 14-мартта «Сирия демократиялык күчтөрү» (СДК) кыймылынын расмий өкүлү Мустафа Бали.

Ал 10-марттан бери эле жоочулардын катарындагы үч миңдей адам багынганын кошумчалады.

«France Presse» агенттиги 14-мартта багынып бергендердин көбү жарадар болгон эркектер экенин кабарлады. «Reuters» агенттиги тарткан видеодон балдарын көтөргөн жана жетелеген аялдарды, кары-картаңдарды көрүүгө болот.

«Ичкериде калгандар - негизинен жанкечти-чабуулчулар, өздөрүн өздөрү жардыра тургандар. Бул алдыга жылууну кыйындатууда», - деди СДКнын курамындагы күрд элдик коргоо кошуунунун өкүлү Жиакер Ахмед.

Акыркы күндөрү СДК Сириянын Ирак менен чектешкен жериндеги жоочулардын акыркы таянычы болгон, бир нече айылды камтыган Багхуз аймагына чабуул коюуда.

Жергиликтүү күрддөрдүн жетекчилигиндеги аталган кыймылдын операцияларына АКШ баштаган коалиция абадан колдоо көрсөтүүдө.

Сириядагы жарандык согуштун башталганына 15-мартта 8 жыл толду. Президент Башар Асаддын кызматтан кетишин талап кылган демонстрацияларды күч менен басуу аракети куралдуу кагылышка айланган. Жаңжал ырбап, кийинчерээк ага «Ислам мамлекети» террор тобу да аралашкан.