КСДП: Аксы окуясын эскерүүгө Атамбаев катышат

Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) 17-мартта партиянын катчылыгы отурган «Медиа-Форум» имаратында КСДПнын төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда Аксы окуясын эскерүү иш-чарасы өтөрүн кабарлап, расмий билдирүү таратты.

«Үй-бүлөлүк-кландык режимге каршы күрөшүп жүрүп каза болгондорду эскеребиз», - деп айтылат билдирүүдө.

Анда айтылгандай, иш-чарага окуянын катышуучулары, саясий жана коомдук ишмерлер катышат. 17 жыл мурдагы окуяны эскерүү жекшемби күнү саат 11:00дө башталат.

Мунун алдында өздөрүн Аксы окуяларынын катышуучулары деп тааныштырган бир нече адам Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, бул окуяны эскерүүнү саясий тирештин куралына айлантпоого чакырышкан.

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты адам курман болгон. Анда ошол кезде камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө боюнча талаптар коюлган. (ErN)