Парламент 8-марттагы митинг боюнча УКМК менен ИИМдин маалыматын угат (видео)

Бишкек. 8-март.

Жогорку Кеңеш 8-мартта Бишкекте митинг уюштургандар жана алардын максаты тууралуу күч органдарынын маалыматын укмай болду. Мындай чечим бүгүн парламенттин жалпы жыйынында кабыл алынды.

КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекова депутаттарга кайрылып:

- Бул митинг кыргыздын, улуттун уңгусуна балта чабылган митинг болду. Талап кылам, ошол митингди кимдер, эмне максат менен, кимге каршы уюштурду - бүгүн палатага УКМК, ИИМди чакырып, баа беришиңиздер керек, - деди.

Мусабекованын сунушун «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Алмазбек Эргешов да колдоду.

8-мартта Бишкекте аялдардын тилектештик билдирген жүрүшү өткөн. Акцияда кыз-келиндердин укуктарын жактаган, феминисттик көз караштардан тышкары жыныстык азчылыкты колдогон плакаттар да болгон.

Маршты уюштурган феминисттик уюмдардын өкүлдөрү 12-мартта басма сөз жыйынын өткөрүп, аларды «Кырк чоро» уюму, депутаттар жана башка белгисиз адамдар коркутуп жатканын айтышты. Алар Ички иштер министрлигинен, Бишкек ШИИБинен жана өкмөттү мындай иш-аракеттерге чара көрүүнү өтүнүштү. «Кыргыз чоролору» бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаев феминисттердин дарегин аларды сотко берип, акча өндүрүш үчүн сураганын түшүндүргөн. (RK)