Иранда аялдарды кемсинткен видеолор тарады

Иран полициясы аялга исламдык дресс-код тууралуу эскертүүдө. Тегеран, 23-апрель, 2007-жыл.

«Amnesty International» укук коргоо уюму Интернетте тараган Ирандагы видео боюнча билдирүү таратты. Анда бул видео Иранда аялдар кабылган зомбулуктун деңгээлин көрсөтүп турары айтылган.

Ирандын аялдарды хижаб кийүүгө мажбурлоо тууралуу мыйзамдары аялдарды кемсинтип эле тим болбой, көчөлөрдө кыз-келиндер зомбулукка кабылган учурларда актануу катары колдонулуп жатканы белгиленген.

Билдирүүдө Иранда аялдарды полиция көчөлөрдө токтотуп, чачты жабыш үчүн аларды жоолукту маңдайына чейин салууну, жүзүндөгү боекторду өчүрүүнү талап кылып жатканы жазылган.

Аялдар күч колдонууга да дуушар болуп жатканы, аларды союл менен уруп, колдоруна кишен тагып полиция машинесине салып кеткен учурлар бар экени кошумчаланган.

Өткөн айда Интернетте жарыяланган видеодо ирандык аялдын хижабды туура кийүүнү талап кылган өкмөттү жактаган ыктыярчы менен урушу тартылган. Видеодо ыктыярчы киши аялга акаарат келтирген сөз айтып, анын бетине белгисиз затты чачып жибергени тартылган.

Дагы бир видеодо аялга жоолук салууну талап кылган эркек тартылган. Бул аялдын өзүн электрошокер менен коркутуп жатканы тууралуу кыйкырганы жазылып калган.

Үчүнчү видеодо полиция машинесинин жанында турган киши жоолуксуз жүргөн аялды камакка алууга кийлигишкен эки адамга тапанча такап турганы көрсөтүлгөн.

«Amnesty International» уюмунун маалыматына караганда, бул окуялар Ирандагы кыз-келиндердин укугун коргоого багытталган «Менин камерам - менин куралым» өнөктүгүнүн алкагында тартылган. Видеону АКШда жашаган ирандык укук коргоочу жана журналист Масих Алинеджад Интернетке жарыялаган.

Иранда 1979-жылдаагы революциядан кийин аялдардын хижаб кийиши милдеттүү болуп саналат.

Өлкөнүн жүрүм-турумду көзөмөлдөгөн полициясы мындай эреженин сакталышы үчүн рейддерди өткөрүп турат.