Тармактык комитет экс-президенттердин кол тийбестигин алууну үчүнчү окууда жактырды

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отуруму. 12-март, 2019-жыл.

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК регламенти боюнча комитети «КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады

Мыйзам долбоорунун демилгечилери - депутаттар Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев.

Талкуунун жүрүшүндө мыйзам кабыл алынып калса, ал бардык экс-президенттерге карата бирдей колдонула тургандыгы айтылды. Ошондой эле экс-президенттер өз ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде кылмыш кылып, соттун өкүмү күчүнө кире турган болсо, анда аларга каралган бардык мамлекеттик артыкчылыктар жокко чыгарылат.

Аталган мыйзам долбоорун 13-февралда Жогорку Кеңеш экинчи окууда жактырган. Кийин Конституциялык палата менен Жогорку Кеңештин ортосунда документтеги беренелер боюнча талаш-тартыш орун алган. (ErN)