Судьялардын XI курултайы «Ала Арча» мамлекеттик резиденциясында өтөт. Ага президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон өлкө жетекчилери, 400гө жакын судья катышары маалымдалды. Жыйындын жүрүшүндө сот реформасын ишке ашыруу, адилеттикти камсыз кылуунун жол-жоболору талкууланат.
Кыргызстанда 2010-жылкы апрель ыңкылабынан бери сот тармагын реформалоо тууралуу сөз болуп келатат.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев коомчулуктун сынына, нааразылыгына карабай сот реформасы ишке ашканын айтып келген. Бирок Жээнбеков кызматка барганы бул тармакта көп иштер жасала элек экенин билдирген.
Cот реформасын толук ишке ашырууга 2022-жылга чейин 17 миллиард сом керектелет. Бул каражат бюджеттен жана эл аралык донорлордон алынат. (BkA/BTo)