Түндүк Кореяда шайлоо өттү

Түндүк Корея. Добуш берүү үчүн бюллетень

10-мартта Түндүк Корея парламентине – Жогорку Элдик Жыйынга шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы чет өлкөдөгүлөрдү эске албаганда катталган шайлоочулардын баары добуш беришкенин билдирди.

Бардык 687 округдан Кореянын Эмгек партиясы басымдуулук кылган Бирдиктүү демократиялык коомдук фронттун адамдары талапкерлигин коюп, альтернативасыз негизде шайланышты.

Буга чейинки 2014-жылдагы шайлоого 17 жаштан жогоркулардын 99,97% катышкан. Ал эми Ким Чен Ын шайланган округда катышуу 100% болуп, баары ага добуш беришкен.

Түндүк Корея 1948-жылы негизделип, өлкөнү узак жылдар бою Ким Ир Сен башкарды. Бийлик атадан балага өтүп, учурда өлкөнү небереси Ким Чен Ын башкарууда.

Түндүк Корея 2018-жылга чейин өзөктүк куралын утур-утур сынап келди. Өзөктүк куралдан баш тартуу маселесинде АКШ менен сүйлөшүү жүргүзүп, азырынча андан майнап чыга элек.