Фигуристка Элизабет Турсынбаева Универсиадада күмүш алды

Элизабет Турсынбаева.

Казакстандык фигуристка Элизабет Турсынбаева Орусиянын Красноярск шаарында өтүп жаткан Универсиада мелдештеринде күмүш медаль алды. Казакстандын Улуттук олимпиада комитети билдиргендей, Турсынбаева 215ке жакын упай менен экинчи орунду ээледи.

Алтын медалды жапониялык Маи Михара, коло медалды орусиялык Станислава Константинова тагынышты.

Элизабет Турсынбаева буга чейин да бир канча эл аралык мелдештерде алдыңкы орундарга жетишкен.

Ал - кыргызстандык Падишахан Султаналиеванын кызы.