Садыр Жапаров апасынын зыйнатына катышуу үчүн айылына барды

Садыр Жапаров апасын акыркы сапарга узаттуу зыйнатында.

Абакта отурган экс-депутат Садыр Жапаров апасын акыркы сапарга узатуу үчүн туулган кыштагына - Ысык-Көлдүн Түп районундагы Кең-Суу айылына барды. Бул тууралуу жеринен "Азаттыктын" кабарчысы 9-мартта билдирди.

Жапаровдун апасы 7-мартта кайтыш болгон. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз өкүлү Элеонора Сабатарова мындай учурда камактагы адамды үйүнө барып келүүгө мыйзам жол бере турганын билдирген. Бул үчүн абактын жетекчилигинин уруксаты керек.

Топурак салууга саясатчылар Камчыбек Ташиев, Бектур Асанов, президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев баштаган бир топ саясатчылар катышууда.

2017-жылы Садыр Жапаровдун атасы көз жумган, бирок анда коштошуу зыйнатына барууга ага уруксат берилген эмес.

2013-жылы «Караколдо митингди уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде камалган Садыр Жапаров 11 жыл, алты айга кесилген.

Быйыл марттын башында Жогорку сот Жапаровдун ишин кайра кароону 23-апрелге белгиледи. Соттук жараян Кыргызстанда январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстерге байланыштуу каралат. (SE\AsM)