Тажикстан: карышкырдын тиш салуусунан эки кишинин өмүрү кыйылды

Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан облусу. Шугнан району.

Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автоном облусунда эки киши карышкырдын тиш салуусунан каза болду. Алар 83 жаштагы кемпир менен анын 55 жаштагы кызы экени белгилүү болду.

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитетинин басма сөз катчысы Умеда Юсупова "Азаттыктын" тажик кызматына билдиргендей, окуя 7-мартта Шугнан районундагы Мденхор айылында болгон.

Эки аял эртең менен сыртка чыккан убакта карышкырлар кол салган. Өлкөдө жырткычтардын кишиге тиш салган учурлары буга чейин да катталган. 2013-жылы февралда Рушан районунда 81 жаштагы кемпир каза болсо, ошол эле жылы январда Шугнан районунда 90 жаштагы кемпирди карышкыр талап, тирүү калган.

Тажикстанда карышкырларга аңчылык кылууга тыюу салынган. Тоолуу айылдардын тургундарында курал-жарак жок. Бир нече жыл мурда экологдор Тажикстанга Ооганстандан карышкырлар ооп келгенин билдиришкен. Чек арага жакын жайгашкан айылдардын жашоочулары карышкырлар малга гана эмес, кишиге да кол салган учурлар болгонун айтып келишкен.