Гадоев: Мени Москвадан тажик бийлиги уурдап кетти

Шарофиддин Гадоев. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.

Тажикстандык оппозиционер Шарофиддин Гадоев уурдалып, кыйноого кабылганын айтып чыкты. Анын видеобилдирүүсү 5-мартта "Youtube" каналына жарыяланды. Анда Гадоев тажик күч кызматкерлери аны "уурдап кетип кыйнаганын жана коё берерден мурун бийликти даңазалаган видеого тартылууга мажбурлашканын" айткан.

"Мени Москвадан уурдап кетишти. Мени тажик өкмөтү мыйзамсыз уурдап кетти", - дейт "Группа 24" тобунун мүчөсү.

Гадоев анын бошонушуна көмөктөшкөн журналисттерге, укук коргоочу уюмдарга жана дипломаттарга ыраазычылыгын айтат. "Эгер алардын аракети болбосо мен камакта отурмакмын" - дейт активист видеодо. Ал 7-мартта иштин чоо-жайын айтып берерин кошумчалады.

2012-жылы Тажикстандан чыгып кеткен Гадоев 15-февралда капыстан эле Дүйшөмбүдө пайда болгон.

"Хьюман Райтс Уотч" уюмунун өкүлү Стив Свердло Гадов ага орус полициясы кармап, тажик бийлигине күчтөп өткөрүп бергенин айтканын билдирген. "Ал катуу кыйноого кабылган. Москвадан Дүйшөмбүгө келгенде анын кийими бүт кан болгон" - деп айтты укук коргоочу уюмдун өкүлү "Азаттыктын" тажик кызматына.

6-мартта Гадов Прага шаарында жайгашкан "Ахбор" маалымат агенттиги менен болгон маегинде тажик бийлиги ага үч талап койгонун айтып берген. "Тажик коопсуздук кызматы мага үч шарт койду: алар мени өлтүрүп салышат, же мени 25 жылга абакка кесишет, же мен алар менен кызматташам. Мен өз башымдын амандыгын ойлоп, үчүнчү шартка көндүм" - дейт активист.

15-февралда Европада бозгунда жүргөн Гадоевдин Дүйшөмбүдө күтүүсүз пайда болгону таңдануу жараткан. Тажик бийлиги ал «өз эрки менен кайтып келгенин» билдирген.

Тажик оппозициясы менен укук коргоочулардын тынчсыздануусунан улам Шарофиддин Гадоевдин Дүйшөмбүгө кайтып келиши боюнча Нидерланддын бийлиги да иликтөө баштаган. Гадоев Нидерландда туруктуу жашоого уруксат алып, акыркы кезде ушул өлкөдө өмүр кечирип келе жаткан.

Тажик оппозиционери 2-мартта Дүйшөмбүдөн Франкфурт шаарынын аэропортуна учуп келгенин «Фейсбук» аркылуу өзү жарыялады.

Азырынча тажик бийлиги бозгунда жүрүп, кайдан-жайдан пайда болгон оппозиционер кайра мекенинен кантип чыгып кеткени тууралуу эч кандай маалымат бере элек.