Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов аз камсыз болгон үй-бүлөдө мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан энелерди 8-март майрамы менен куттуктап, үйлөрүнө барды. Мэр энелерге үй тиричилигине керектүү буюмдарды: телевизор, кир жуугуч машина, муздаткыч, электр мештерин белекке берди. Ошондой эле балдарга таттууларды, азык-түлүк тапшырды.
Таалайбек Сарыбашов майып балдарын багып жаткан энелерге ыраазычылык билдирип, шаар жетекчилиги аларды камкордукка алып, жардам берүүгө дайым даяр экенин айтты. Ал ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды жайында Ысык-Көлгө эс алуу лагерлерине жөнөтүүнү максат кылып жатканын да кошумчалады.
Шаар мэри Амир-Темир аймактык башкармалыгында жашаган Б. Алимованын үйүн тез арада оңдоону жана Дача участогунун жашоочусу И. Арзибаеванын үйүнө таза суу жеткирүүнү тапшырды. Энелер калаа башчысына ыраазычылык билдиришти. (MdN)