Абдымен: Жайнак Үсөн уулуна ишеним чоң

Кубан Абдымен.

Медиа эксперт Кубан Абдымен Коомдук телеканалдын жетекчилигине НТС телеканалынын мурдагы жетекчиси Жайнак Үсөндүн шайланганы өлкөдөгү негизги медиа каражат болгон КТРКга пайдалуу болду деп эсептейт. Мындай пикирин ал "Азаттык" менен бөлүшүп, өзүн мыкты менеджер катары көрсөтө алган адиске 700дөн ашуун киши иштеген эмгек жамаатынын колдоосу да мааниге ээ экенин айтты:

- Жайнак Үсөн уулу буга чейин да телекомпанияда иштегендиктен, анын технологиясын, коомдук пикирди эске алуунун жолдорун жакшы үйрөнгөн. Мен Жайнактын буга чейин иштегенин көргөндүктөн, айта алам: ал ийкемдүү, адамдар менен тил табыша билген адис. Ошондуктан, КТРКны өнүктүрүп кетүү жагынан ага эч кандай күмөнүм жок, бирок албетте ага каршы чыккандардын саны ашып, бут тосуулар көбөйүп кетпесе. Коомдук телеканалда 700дөн кем эмес киши иштейт, коллектив чоң. Ал жердеги буга чейинки жетекчилер түптөп кеткен каада-салт менен жаңы жетекчиликке кандай багытта иш алып барууга, жаңы иш жүргүзүүгө кол кабыш кылышса жакшы. Ал эми нааразылыктар көбөйүп кетсе анда татаал болот.


Кубан Абдымен КТРКга ким келсе да ал үчүн чоң сыноо күтүп турганын белгиледи. Эксперттин айтуусунда жаңы жетекчини коомдун алдында милдеттерин так аткарууга түрткү болуучу азыркы шарт жана аталышы коомдук болгону менен мамлекеттик саясатты жүргүзүү милдети сынайт.

6-мартта КТРКнын башкы директорун шайлоо болду. Анда Байкоочу кеңештеги 15 кишинин 13ү сегиз талапкердин ичинен Жайнак Үсөн уулуна добуш берип, жетекчи шайлады.

Буга чейин коомулукта бул кызматка ат салышкандар арасынан фаворит катары НТС телеканалын жетектеп келген Жайнак Үсөн уулу жана Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу айтылып келген.(ZKo)