Айыл чарба тармагына бир жылда 1 млрд. 700 млн. сом бөлүнөт. Анын 82% суу чарба департаментине жумшалат. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев парламенттин жыйынында билдирди. Акчанын калган бөлүгү министрликтин борбордук аппаратына жана жети департаментке бөлүнөт.
Депутат Алмазбек Батырбеков министрликте координациялоонун жоктугун, талдоо жүргүзүлбөй жатканын сынга алды.
Аталган министрлик коомчулук нааразы болуп, сын-доомат айтылган мекемелердин сап башында. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигиндеги кадрлардын саны буга чейин эле нааразылык жаратып келген. Учурда бул министрликте кыскартылгандан кийин 4,5 миң кызматкер калган. Ага чейин 5 миңден ашуун адис иштечү.
23-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков министр Нурбек Мурашевди кабыл алып, «рыноктун баасын алдын алуу, айыл чарба продукцияларын экспорттоо жетишсиз» болуп жатканын сынга алган. (КЕ)