2018-жылы айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 3% азайды

Кыргыз-казак чек арасы.

2018-жылы айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 3 пайызга азайды. Ошол эле учурда Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөргө жөнөтүлгөн экспорт көбөйгөн. Бул тууралуу 6-мартта парламенттин жыйынында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы, мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чудуев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан биримдикке киргенге чейин Орусияга 70-80 млн. долларлык айыл чарба өндүрүмүн экспорттосо, былтыр ал 5 млн. долларга көбөйгөн.

Жогорку Кеңеш өкмөттүн жазгы талаа иштерине даярдыгы тууралуу маалыматын угуп жатат. Депутаттарга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы, мелиорация министри Нурбек Мурашов баш болгон өкмөт өкүлдөрү маалымат берүүдө.

Парламент депутаттары быйыл айыл чарба азыктарынын арзандыгынан дыйкандардын мээнети күйүп кеткени үчүн өкмөттү айыптап жүрүшөт. Алар рыноктун баасынын алдын алуу, айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо жетишсиз болуп жатканы үчүн айыл, суу чарба министринин ишин кароону талап кылышкан учурлар бар. (КЕ)