Иранда мугалимдер үч күн бою нааразылыкка чыгышты

Иш таштоого катышкан мугалимдер, 5-март, 2019-жыл.

Иранда ондогон мугалим маянанын аздыгына жана кесиптеш активисттеринин камалышына нааразылык билдирип, үчүнчү күнү катары менен иш таштоого чыгышты.

Акцияны уюштурган Мугалимдердин координациялык кеңеши 5-марттагы иш-чарага Тегеран, Исфахан, Хамадан, Караж, Кеманшах, Шираз, Йезд шаарларындагы миңден ашуун башталгыч жана орто мектептин мугалимдери катышканын билдирди. Ошондой эле башка ондогон шаар-кыштактарда да нааразылык акциялары өттү.

Мамлекеттик медиа каражаттары мугалимдердин акциясын чагылдырган жок жана бийлик эч кандай түшүндүрмө бере элек.

Нааразылык маалында кармалгандар тууралуу маалымат жок. Акция башталганда бийлик органдары катаал чара көрүп, бир топ мугалимдер камалган.

Былтыр ирандык мугалимдер эки ирет бир нече күнгө созулган иш таштоо уюштурушкан. Декабрда 80ден ашуун шаар-кыштактарда баанын көтөрүлүшүнө, жумушсуздукка жана коррупцияга нааразы болгон эл көчөгө чыккан.

Былтыр майда ​Вашингтон Тегеран менен дүйнөнүн алты державасы кол койгон өзөктүк келишимден чыккан соң, мурда токтотулган санкциялар кайра киргизилген. Анын айынан Иранда экономикалык каатчылык күчөгөн.