Бийлик партиясындагы ажырым

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) Иса Өмүркуловдун съезд өткөрүү тууралуу билдирүүсүн сынга алды. Мунун алдында Өмүркулов 3-апрелде аталган партиянын кезектеги XVIII курултайы өтөрүн жарыялаган. Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев башында турган бул партиянын курултайы 6-апрелге белгилеген болчу. Кийинки жагдай партиянын ичиндеги ажырымды ого бетер күчөттү.