«Талибан» сүйлөшүүгө Өзбекстан катышуусун каалайт

Ооганстандын Балх провинциясы менен Өзбекстандын Хайратан аймагындагы көпүрө. 9-февраль, 2019-жыл.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин 5-мартта тараткан билдирүүсүнө караганда, «Талибан» кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири Абдул Гани Барадар Ташкенттин Ооганстанга энергетика, транспорт жана билим берүү тармактарына көмөктөшүү тууралуу демилгесин колдоду.

Мындай билдирүү өзбек тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен Барадардын Катардын борбору Дохада жекшембидеги жолугушуусунан кийин таратылды. Бул күндөрү Дохада Ооганстандагы тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча АКШнын өкүлү менен талибдердин жолугушуулары да болгон.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын өкүлдөрү Ооганстанда тынчтык орнотуу боюнча кызматташтыкка даяр экенин, экономикалык жардамды уланта турганын билдиришкен. Ошол эле кезде Ташкент «Ооганстандын ички ишине кийлигишпей турганын» белгилеген.

Өзбек тараптын маалыматына караганда, Барадар Өзбекстан ишке ашыра турган чоң долбоорлор Ооганстандын экономикалык өнүгүшүнө гана эмес, кадыресе саясий процесстин башталышына шарт түзөрүн белгилеген.

Министрлик Ооганстан Борбордук жана Түштүк Азиянын ортосундагы ишеним менен кызматташтыктын көпүрөсү болот деген ишенимин билдирди.

Былтыр августта Ташкентке талибдердин өкүлү Шер Мухаммад Аббас Станекзай келген.

Ооган өкмөтү менен Өзбекстан өткөн жылы Хайратан чек ара бекетинен Ооганстандын Мазари-Шариф шаарына чейин 75 чакырымдык темир жол курууну макулдашкан.

Ташкент Сурхан айылы менен Ооганстандын Баглан провинциясынын ортосунда 500 киловатт кубаттуулуктагы электр линиясын куруш үчүн 32 миллион доллар бөлө турганын маалымдаган.