Кыргызстандын ички аскерлер түзүмүн Исламбек Кенжекулов жетектейт. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Исламбек Кенжекулов 50 жашта. Ал Ош облусунун Ноокат районунда төрөлгөн. 2014-жылы Улуттук гвардиянын жетекчисинин орун басары болуп дайындалып, бул кызматты үч жыл ээлеген.
2014-жылы Ички аскерлер Улуттук гвардиянын курамына киргизилген. Ал эми 2018-жылдын аягында президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Ички аскерлер Улуттук гвардиянын курамынан чыгарылып, Ички иштер министрлигинин курамына киргизилген. (KR)