HRW: тажикстандык оппозиционер уурдалып, катуу сабалган

Шарофиддин Гадоев.

«Human Rights Watch» укук коргоо уюму тажикстандык оппозициялык активист Шарофиддин Гадоев Нидерландга кайтканга чейин Орусияда уурдалып, Тажикстанга жеткирилгенин, кыйноого кабылып, сабалганын билдирди.

Уюмдун Борбор Азия боюнча эксперти Стив Свердлоу «Азаттыкка» «Группа 24» оппозициялык кыймылынын лидери саналган Шарофиддин Гадоевди өткөн айда Москвада Орусиянын коопсуздук кызматкерлери кармап, Тажикстанга өткөрүп беришкенин кабарлады:

- Ал катуу кыйноого кабылган. Москвадан Дүйшөмбүгө келгенде анын кийими бүт кан болгон.

Свердлоунун айтымында, Гадоев Москва аэропортунда элди жардамга чакырууга аракет кылганда тажикстандык күч кызматкерлери аны катуу сабап, оозун скотч менен чаптап коюшкан.

15-февралда Европада бозгунда жүргөн Гадоевдин Дүйшөмбүдө күтүүсүз пайда болгону таңдануу жараткан. Тажик бийлиги ал «өз эрки менен кайтып келгенин» билдирген.

Тажик оппозициясы менен укук коргоочулардын тынчсыздануусунан улам Шарофиддин Гадоевдин Дүйшөмбүгө кайтып келиши боюнча Нидерланддын бийлиги да иликтөө баштаган. Гадоев Нидерландда туруктуу жашоого уруксат алып, акыркы кезде ушул өлкөдө өмүр кечирип келе жаткан.

Тажик оппозиционери 2-мартта Дүйшөмбүдөн Франкфурт шаарынын аэропортуна учуп келгенин «Фейсбук» аркылуу өзү жарыялады.

Азырынча тажик бийлиги бозгунда жүрүп, кайдан-жайдан пайда болгон оппозиционер кайра мекенинен кантип чыгып кеткени тууралуу эч кандай маалымат бере элек.