Порошенко жакын санаалашы Олег Гладковскийди кызматтан бошотту

Олег Гладковский.

Украина президенти Петро Порошенко жакын санаалашы Олег Гладковскийди Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин биринчи орун басарынын кызматынан бошотту.

Порошенко 4-мартта «Твиттерде» Гладковский аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук көзөмөл боюнча мекеме аралык комиссиянын башчысынын кызматынан да алынганын жазды.

Порошенконун бул кадамы Интернетте атайын иликтөө жарыялангандан кийин болду. Бир жума мурда Bihus.Info сайты Гладковскийдин уулу Игорь аскердик техниканын тетиктерин Орусиядан мыйзамсыз ташыганы тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда Игорь Гладковский 2015-жылы, Москва Крымды аннексиялагандан бир жыл өткөн соң Орусиядан аскердик техниканын тетиктерин мыйзамсыз ташууну уюштурганы айтылат. Мындан тышкары мамлекеттик коргоо объектилери Игорь Гладковский жана анын шериктерине таандык менчик компаниялардан аткезчилик менен келген тетиктерди өтө кымбат баада сатып алганы белгиленген.

Коргоо өнөр жайын көзөмөлдөгөн «Укроборонпром» мамлекеттик концерни бул товарлардын мыйзамсыз келгенин билип туруп, сатып алганы жазылган. Игорь Гладковский менен анын эки шериги аткезчиликтен кеминде 250 миллион гривен (9,2 миллион доллар) пайда көргөнү, ал эми Орусиядан ташылган товарлар өткөрүлүп турган үч жеке менчик компаниянын бири ошол кезде Петро Порошенкого тиешелүү болгону айтылган.

2014-жылдын башында бийликке келген Порошенко быйыл 31-марттагы президенттик шайлоодо да ат салышканы турат.

25-февралда интернеттеги "YouTube" каналына иликтөө чыккандан кийин Порошенко Олег Гладковскийди убактылуу кызматтан четтетип, эки күндөн кийин материалдагы айыптоолор боюнча иликтөө башталганын билдирген.