Милициядан запкы көрдү деген адамдын иши боюнча бийликке кайрылуу жиберилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Октябрь райондук милициясынын №3 бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринен запкы тартканы айтылып жаткан Элдияр Асангариевдин иши боюнча жарандык коом өкүлдөрү бийликке кайрылышты.

Кайрылуу президентке, премьер-министрге, Жогорку Кеңешке, башкы прокурорго, ички иштер министрине, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасына жана Акыйкатчыга жазылды.

Кайрылуунун «Азаттыкка» да жөнөтүлгөн нускасында айтылгандай, быйыл 26-февралда сегиз милиционер Элдияр Асангариевди күч менен кармап, №3 бөлүмчөгө алып барышкан. Тартип сакчылары аны токмоктоп, омурткасы сынып, Улуттук госпиталга түшкөн.

Кайрылууга 30га жакын белгилүү жарандык активист, укук коргоочулар кол коюп, Асангариевди кыйнаганы кабарланган милиционерлердин кармалып, жазаланышын талап кылып жатышат.

Адвокаты Бактыбек Асамудинов Асангариевдин кармалышынын, кыйноого алынышынын чоо-жайы анык эмес экенин билдирип, прокуратурага арыз жиберилгенин айтты.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул окуяны милицияга жалаа жабуу катары сыпаттады.