Эл аралык космос станциясынын экипажы «Crew Dragon» кемесин тосуп алды

«Crew Dragon» Канавералдагы ангарда. Декабрь, 2018-жыл.

Экипаждын мүчөлөрү бул окуяга байланыштуу Жерге салам айтып, куттуктоо жиберишти. Олег Кононенко (Орусия), Давид Сен-Жака (Канада) жана Энн Макклейн (АКШ) жер планетасынын тургундарын алгачкы жолу көп орундуу кеменин космоско учурулушу менен куттукташты. «Crew Dragon» адамдарды космос станциясына жеткирүүгө ылайыкташкан.

Орусиялык космонавт кеменин келип конушу менен америкалык космос программасынын өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылганын белгилеп, бул келечекте адам баласынын Марска учушуна жол ачышы ыктымал экенин айтты. Канадалык астронавт жаңы кеме көптөгөн өлкөлөрдүн миңдеген адистеринин ишинин жыйынтыгы экенин эске салды. Америкалык космонавт жаңы кемени жасагандарды жана бардык өлкөлөрдөгү космос изилдөөчүлөрдү жаңы ийгилиги менен куттуктады. Ал 1957-жылы Советтер Союзу тарабынан космоско учурулган алгачкы жандоочту жана биринчи космонавт Юрий Гагаринди, ошондой эле Нил Армстронгду, Базз Олдринди жана Майкл Коллинзди эскерди. Макклейн «Crew Dragon» кемесинин орбитадагы эл аралык космос станциясына конушун космосту өздөштүрүүдөгү чоң ийгилик деп баалады.

«Crew Dragon» кемеси 3-мартта Орбитадагы Эл аралык космос станциясына барып конгон. Кеме орбитада бир жума болуп, кайра Жерге кайтып келет. Миссия ийгиликтүү болсо, быйыл жайында аны менен астронавттар космоско учушат.

«Crew Dragon» кемеси 2-мартта АКШнын Канаверал кысыгындагы космодромдон абага көтөрүлгөн. Бул – космонавтика тарыхындагы кишини космоско жеткирүүчү алгачкы коммерциялык кеме.

NASAнын максаты боюнча, «Boeing» жеке кемеси өткөн кылымдын 60-жылдары жасалган «Союз» кемесин алмаштырат.