Трамп: Түндүк Корея өзөктүк куралдан баш тартса экономикасы өнүгөт

28-февраль, 2019-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп "эгер Түндүк Корея өзөктүк куралдан баш тартпаса, анда экономикасынын келечеги болбойт" деп эсептейт. Бул тууралуу Трамп 2-мартта Вашингтондо өткөн саясий акцияда сүйлөгөн учурда айтты.

Дональд Трамп 28-февралда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушкан. Анда тараптар Корей жарым аралын денуклеризациялоо боюнча бир пикирге келише алган эмес. Экинчи саммиттеги сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураганына карабастан, АКШ президенти Дональд Трамп да, Ким Чен Ын да өзөктүк сыноолорду өткөрбөөнү жана баллистикалык ракеталарды учурбоону убада кылышканы кабарланган.

Түндүк Кореяда 20-60 чамалуу өзөктүк курал бар экенин адистер айтып келишет.