2-мартта Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын жаабайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Нарында түнкүсүн -14...-19, күндүз -1...-5,
Таласта түнкүсүн -3...+2, күндүз 9...14,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1..-6, күндүз 3...8,
Калган төрт облус - Чүй, Баткен, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 13…15 градус болот. (ErN)