Бангладеш качкындарды мындан ары кабыл ала албайт

Бангладешке келген рохинжа качкындары. 29-апрель, 2018-жыл.

Бангладештин өкмөтү БУУнун Коопсуздук кеңешине кайрылып, мындан ары качкындарды кабыл ала албай тургандыгын билдирди. Өлкөдө ушу маалда кошуна Мьянмадан 700 миңден көп качкын, көбү мусулман рохинжалар баш калкалап жүрөт. Бангладештин тышкы иштер министри Шахидул Хак рохинжаларга байланышкан кризис тереңдегенин кошумчалап, Кооспуздук кеңешин «чечкиндүү» чара көрүүгө үндөдү.

Бангладештин бийлиги буга чейин да качкындар маселесин чечүү оор болуп баратканын эскертип келген.

Мьянманын Ракхайн аймагын байырлаган рохинжалардын көбү 2017-жылы полиция менен куралдуу кошуундар согушкерлерди колго түшүрүш үчүн рейддерди жүргүзгөндө үй-жайын таштай качууга мажбур болушкан. БУУ рохинжаларды күчтөп чыгарууну геноцид деп тааныган. Өлкөнүн буддист бийлиги «тукум курут саясатын жүргүзгөн» деген дооматтарды четке кагууда жана согушкерлер жайкын адамдарга, коопсуздук күчтөрүнө кол салышканын билдирип келатат. Бангладеш менен макулдашуудан кийин Мьянма качкындардын бир бөлүгүн кайра кабыл алууга көнүп, БУУ алардын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылган. Бирок Бангладештин бийлиги кооптонгон рохинжалар өз ыктыяры менен кайтууга макул болушпаганын билдирди.