Гилмендде талибдер аскердик базага кол салышты

Иллюстрациялык сүрөт.

Бейшембиде Ооганстанда талиб согушкерлери Гилменд чөлкөмүндөгү аскердик базага чабуул коюшту. Коргоо министрлиги 4 жоочу атып өлтүрүлгөнүн эртеси билдирди. Ооган аскерлеринин арасында жоготуулар болгону маалымдалып, так сан айтыла элек. Базада америкалык кеңешчилер менен жоокерлердин бир бөлүгү да жайгашкан.

АКШ контингентинин басма сөз катчысы полковник Дэйв Батлер «Ооганстандын эр жүрөк коопсуздук күчтөрү кол салгандарга жооп кайтарышты» деп «Твиттерге» жазды. Батлер талибдер базага кирип барышканын, бирок аскерлер аларды токтотуп калышканын кошумчалады.

«Талибандын» согушкерлери ондогон ооган жоокерлерин өлтүрүшкөнүн билдиришти. «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун ооган армиясындагы булагы маалымдагандай, атышууда базанын кол башчысы мерт болду.

Соңку кол салуу АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Катарда тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасын өткөрүп жаткан кезге туура келди.

28-февралда Залмай Халилзад сүйлөшүүлөр ушул жекшембиде уланаарын билдирди.